
2026-ж., 26-октябрь, дүйшөмбү 13:01:53
Жакында эле абактан чыккан акын Аскат Жетиген журналист Семетей Аманбековго берген маегинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге кат жолдогону, камакка алынган кезде УКМК кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылганы тууралуу айтып берди. Юристтер мындай билдирүүдөн кийин укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын иликтеши керек дешсе, аткаминер кызматтан кеткенден кийинки ага карата айтылган сын-пикирлерди каралоо дегендер да бар.

2026-ж., 26-октябрь, дүйшөмбү 12:04:01
Токтогул районунун тургундары 24-октябрда президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда энергетика боюнча суроолорду көтөрдү. Өзүн Чыңгыз деп тааныштырган тургун элге электр энергиясын чектөөнүн ордуна майнинг компаниялары көзөмөлдөөгө чакырды.

2026-ж., 26-октябрь, дүйшөмбү 09:26:45
Коомдук ишмер, педагог, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова жарык дүйнө менен кош айтышты. Маалыматты Би-Би-Сиге жазуучу Топчугүл Шайдуллаева ырастады. Роза Айтматованын коомдук ишмердигинин негизги багыты аялдардын укугун коргоо, гендердик теңчилик жана аялдардын коомдогу ордун бекемдөө менен байланыштуу.

2026-ж., 26-октябрь, дүйшөмбү 09:40:23
Бүгүн, 26-октябрда мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тест тапшырды. Бул тууралуу саясатчы Би-Би-Сиге билдирди.

2026-ж., 26-октябрь, дүйшөмбү 05:25:19
Президент Чаткал районунун тургундары менен жолугушуу учурунда Жаңы-Базар айылынын жашоочусу Уулбүбү Касмалиева атасын УКМКнын кызматкери кыйнап өлтүргөнүнө даттанды. Анын билдиришинче, күч түзүм кызматкери атасынын башына кара пакет кийгизип, уруп сабаган. Кийин ооруканада анын кабыргасы сынганы, сынык өпкөгө сайылып, өлүмгө себеп болгону айтылган.

2026-ж., 26-октябрь, дүйшөмбү 05:58:27
“Орустарга каршы маанай” (русофобия) термини көптөн бери Кремлдин риторикасынын бир бөлүгү болуп калды, бирок акыркы убакта бул сөз Грузияда барган сайын көп жаңырууда. Грузия анын аймагынын бештен бир бөлүгүн Орусия басып алды деп ырастап келет.

2024-ж., 15-апрель, дүйшөмбү 11:20:59
Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз

2026-ж., 26-октябрь, дүйшөмбү 02:12:45
Сербиянын бийликтеги Прогрессивдүү партиясынын төрагасы Александр Вучич парламенттик шайлоодо жеңилгенин моюнга алып, “Студенттердин тизмеси” өкмөт түзүүгө жетиштүү көпчүлүккө ээ болорун билдирди. Ал мындай билдирүүнү добуштарды саноонун жыйынтыктары жарыялана электе жасады.

2026-ж., 24-октябрь, ишемби 11:21:56
Президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, “Кыргызтестке” кайрадан тест тапшырган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев сынактан өттү.

2026-ж., 24-октябрь, ишемби 06:29:47
Ишкер Акай Кыдыров “Кыргызтест” сынагынан өттү. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-октябрда Би-Би-Сиге билдирди. Кадыров дүйшөмбүдө Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) барып, талапкер катары арыз тапшырарын да кошумчалады.

2026-ж., 24-октябрь, ишемби 04:16:09
Акын Аскат Жетиген мындан ары саясатка аралаша турганын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

2026-ж., 23-октябрь, жума 09:25:18
АКШ жана Израилдин аскердик ведомстволору АКШдагы орто мөөнөттүү шайлоодон кийин Иранга сокку урууну кайра баштоо боюнча конкреттүү пландарды иштеп чыгышкан. Бул тууралуу The New York Times басылмасы америкалык аткаминерлерге жана аты-жөнүн ачыкка чыгарбоону өтүнгөн башка маалымат булактарына таянып жазды. Басылманын маалыматына караганда, ушул аптада АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Израилге барып, премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен жаңы соккуларды талкуулаган.

2026-ж., 24-октябрь, ишемби 03:37:34
Париждин четиндеги куралдуу кол салуулардан бир адам каза болуп, дагы бешөө жаракат алды. Жаракат алгандардын арасында 12 жаштагы кыз да бар. Франциянын президенти Эммануэль Макрон бул окуяны расизмден улам жасалган террордук акт деп атады.

2026-ж., 23-октябрь, жума 11:27:21
“Жунхайда” чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

2026-ж., 23-октябрь, жума 09:15:36
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун Өзбекстанга сапарынын жүрүшүндө орус тили өлкөдө “эми расмий тил болбой калды да” деген билдирүүсү жергиликтүү маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда кеңири талкууну жана түрдүү пикирлерди жаратты.

2026-ж., 23-октябрь, жума 06:05:08
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушууда Билим берүү министрлигинин ишин сынга алып, бул тармакта санариптештирүүнү тездетүү зарылдыгын белгиледи.

2026-ж., 23-октябрь, жума 04:50:17
Кыргызстанда канча ак илбирс бар? Алардын саны көбөйүп жатабы? Бул сейрек жаныбарды жана анын тоолордогу жашоо чөйрөсүн коргоо үчүн кандай иштер жасалууда? Бул суроолор 23-октябрда белгиленүүчү Ак илбирстин эл аралык күнүнө карата өзгөчө маанилүү. Ереванда өтүп жаткан БУУнун биоартүрдүүлүк боюнча COP17 конференциясында да ак илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн сактоо маселеси талкууланууда.